Былтыр 29 шаар жана 310 айыл өкмөттүн бюджетине аудит жүргүзүлдү - жыйынтыгы

Коом Загрузка... 17 Июнь 2025 17:55
228964.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 17.06.25. /Кабар/. 2024-жылы Эсептөө палатасы тарабынан 29 шаардын мэриясынын жана 310 айыл өкмөтүнүн бюджетине аудит жүргүзүлдү. Бул тууралуу күн мурун ведомствонун Жогорку Кеңешке берген отчетунда айтылды.

Маалыматка ылайык, аудиттин жүрүшүндө жергиликтүү деңгээлдеги бюджеттик тартиптин сакталышы, бюджеттердин түзүлүшү, аткарылышы жана каражаттарды максаттуу пайдалануу маселелери талданды.

29 шаардын (анын ичинде облустук маанидеги Нарын, Токмок, Кара-Балта, Жалал-Абад, Майлуу-Суу, Кара-Көл, Баткен жана Сүлүктү шаарлары, ал эми республикалык маанидеги Бишкек жана Ош шаарлары бул аудитке кирген эмес) бюджеттерине жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча жалпы суммасы 141,1 млн сомду түзгөн финансылык тартип бузуулар аныкталды.

Мындан сырткары, бул деңгээлде кошумча резерв катары каралышы мүмкүн болгон жана натыйжасыз пайдаланылган каражаттардын жалпы көлөмү 123,6 млн сомду түздү.

Ал эми айыл өкмөттөрдүн деңгээлинде жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча калыбына келтирүүгө тийиш болгон финансылык тартип бузуулардын жалпы суммасы 960,6 млн сомду түздү. Анын ичинен 869,6 млн сом же 90,5 пайызы отчеттук жылдын ичинде калыбына келтирилгени белгиленди.

Мындан тышкары, айыл өкмөттөрүндө аныкталган резервдер жана жоготуулардын көлөмү 367,4 млн сомду түздү.