Бишкек, 20.04.26. /Кабар/. 18-19-апрелде Чүй облусунун Кожомкул айылында "Айдоо фест 2026" – быйылкы жылдын эң ири агрардык жана көңүл ачуучу фестивалы өттү.
Фестивалды министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков ачты.
Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн продукциялары менен таанышып, сунушталган айыл чарба техникаларын көрүп чыгып, алардын иштөө мүмкүнчүлүктөрүнө баа беришти.
Өзгөчө көңүл заманбап технологияларды жайылтуу жана жергиликтүү өндүрүштү колдоо маселелерине бурулду.
"Кабар" агенттиги фестивалдан сүрөттөр менен бөлүшөт.