Быйыл жаңы 40 тез жардам унаасы алынат – Шаяхметов

Коом Загрузка... 21 Январь 2026 17:50
8009d693-15e8-4e67-9285-9ef3e86824ea.jpg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 21.01.26. /Кабар/. Быйыл жаңы 40 тез жардам унаасы алынат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине берген маегинде Тез жардам медицина борборунун директору Искендер Шаяхметов билдирди.

Анын айтымында, унаа каражаттары эки этап менен жеткирилет.

“Быйыл министрлик 40 жаңы тез жардам унаасын алып бергени турат. Бул унаалар келсе, ишибиз жеңилдейт деп турабыз. Мэрия бизге Маевка жана Жал айылдарынан имарат бөлгөн, аларда оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү керек. Унаа жетишпегендиктен ал бөлүмдөр ачыла элек. Көк-Жарда мэрия Үй-бүлөлүк медицина борборун жана станция куруп берди. Ал жакта беш бригада болот. Келе турган жаңы унаалардын 18и ушул станцияларга бөлүнөт”, - деди ал.