Бишкек, 22.10.26. /Кабар/. 2026-жылы Жалал-Абад облусунда инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга Турукташтыруу фонду жана "Капиталдык салымдар" беренеси аркылуу 10 миллиард 211 миллион сом багытталган. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Манас шаарынын жана Сузак районунун эли жана активи менен жолугушканда билдирди.
Мамлекет башчысы белгилегендей, Манас шаарындагы "Акылман" президенттик лицейин курууга 1,7 миллиард сом, жалпы билим берүүчү мектептерди курууга дээрлик 1 миллиард сом каралган.
Ал эми Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу турак жай комплекстерин курууга 2 миллиард сом бөлүнгөн.