Быйыл Жалал-Абадда 555 трансформатор оңдолуп, жаңылары орнотулат

Аймак Загрузка... 09 Март 2026 09:55
649592633_915272607764382_2219039338656138688_n.jpg
copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 09.03.26. /Кабар/. Быйыл Жалал-Абад облусу боюнча жалпы 555 даана трансформатор оңдоодон өткөрүлүп, кошумча 14 даана жаңы трансформатор орнотулат. Энергетика министрлигинен билдиришкендей, аталган иштер март айынан ноябрь айына чейин жүргүзүлөт.

Трансформаторлор облустун төмөнкү аймактарында жаңыланат:

  • Аксы районунда – 55 даана оңдолуп, 1 даана жаңы орнотулат;
  • Ала-Бука районунда – 67 даана оңдолуп, 1 даана жаңы орнотулат;
  • Базар-Коргон районунда – 41 даана оңдолуп, 2 даана жаңы орнотулат;
  • Майлуу-Суу шаарында – 10 даана оңдолуп, 1 даана жаңы орнотулат;
  • Кара-Көл шаарында – 19 даана оңдолуп, 1 даана жаңы орнотулат;
  • Көк-Арт өрөөнүндө – 53 даана оңдолуп, 1 даана жаңы орнотулат;
  • Жалал-Абад шаарында (Манас) – 24 даана оңдолуп, 2 даана жаңы орнотулат;
  • Ноокен районунда – 71 даана оңдолуп, 2 даана жаңы орнотулат;
  • Сузак районунда – 81 даана оңдолуп, 2 даана жаңы орнотулат;
  • Токтогул районунда – 92 даана оңдолуп, 1 даана жаңы орнотулат;
  • Таш-Көмүр шаарында – 28 даана оңдолот;
  • Чаткал районунда – 14 даана оңдоодон өтөт.

Эске салсак, Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын карамагында облус боюнча жалпы 4 348 даана трансформатор бар. Алар жыл аягына чейин техникалык тейлөөдөн жана оңдоп-түзөөдөн толук өткөрүлөт.