Быйыл Жалал-Абад облусунда жаңы 5 557 электр мамысы орнотулат

Аймак 30 июнь 2025 13:45
514063545_719202460704732_8031857723053200824_n.jpg
513912493_719202414038070_6386310477074326214_n.jpg
514090109_719202400704738_2213307306134509739_n.jpg
514103631_719202374038074_3450372265996964575_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 30.06.25. /Кабар/. Быйыл Жалал-Абад облусу боюнча жалпы 5 557 даана мамы орнотулат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, алмаштырылып жаткан мамылар арты 30-40 жыл, алды 60-70 жыл кызмат кылган эскилиги жеткен. Эми алар темир-бетон мамыларга алмаштырылып, муктаж аймактарда жаңы орнотулууда.

Учурда анын ичинен 580и орнотулду. Калган 5000ге жакыны ушул жылдын күз айларына чейин орнотуу иштери аяктайт.