Бишкек, 23.02.26. /Кабар/. Быйыл Жалал-Абад облусунда 3 миң 534 электр мамысы орнотулат.
Энергетика министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен 10-0,4 кВ аба чубалгылары боюнча 380 жаңы мамы район-шаарларга төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:
- Аксы району — 78;
- Ала-Бука району — 29;
- Базар-Коргон району — 20;
- Манас району — 93;
- Кара-Көл шаары — 25;
- Майлуу-Суу шаары — 18;
- Ноокен району — 26;
- Сузак району — 27;
- Таш-Көмүр шаары — 64.
Мындан тышкары, тармакты комплекстүү жаңылоо максатында 3 миң 154 эскирген жыгач мамылар заманбап темир-бетон мамыларга алмаштырылат. Бул иштер төмөнкү аймактарда жүргүзүлөт:
- Аксы району — 240;
- Ала-Бука району — 326;
- Базар-Коргон району — 558;
- Манас району — 226;
- Кара-Көл шаары — 89;
- Көк-Арт аймагы — 414;
- Майлуу-Суу шаары — 122;
- Ноокен району — 433;
- Сузак району — 415;
- Таш-Көмүр шаары — 77;
- Токтогул району — 169;
- Чаткал району — 85.