Жалал-Абад облусунда эки жаңы энергетикалык объект курулат

Аймак 2 март 2026 11:42
Жалал-Абад облусунда эки жаңы энергетикалык объект курулат
copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 02.03.26. /Кабар/. Быйыл Жалал-Абад облусунда 2 энергетикалык объект курулат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Атап айтканда, Аксы РЭТинин Кербен бөлүмүнүн жана Токтогул РЭТинин Үч-Терек бөлүмүнүн административдик имараттары жаңыланып, заманбап талаптарга жооп берген жаңы имарат курулат.

Аталган объекттердин курулуш иштери 2026-жылдын март айында башталып, ноябрь айында аяктайт.

Негизги каражат "Кыргызстан улуттук электр тармактары" ААК тарабынан жалпы 16 млн сом өлчөмүндө каржыланат.