Ташкент, 28.08.25. /Кабар/. Өзбекстандын ички дүң өнүмү 2025-жылдын аягына чейин 130 млрд доллардан ашары күтүлүүдө. Бул тууралуу президент Шавкат Мирзиёев өлкөнүн көз карандысыздыгынын 34 жылдыгына арналган мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде билдирди.
Анын айтымында, акыркы сегиз жылда өлкөнүн экономикасы 115 млрд долларга жетип, 100 миңден ашык инвестициялык долбоор ишке ашырылган. Натыйжада 7 миллионго жакын жаран жумуш менен камсыз болгон.
Ошол эле мезгилде 500 миңден ашык батир курулуп, туризм экспорту 3 млрд долларга, IT-экспорту 1 млдр долларга жеткен. Ал эми өнөр жай продукциясынын экспорту 28 млрд доллардан 62 млрд долларга чейин көбөйгөн.
Шавкат Мирзиёев бул жетишкендиктерге ишкерлердин кошкон салымы чоң экенин баса белгиледи. "Көз карандысыздыгыбыздын эң жогорку максаты — адамдын кадыр-баркын көтөрүү жана элибиздин жашоосун жакшыртуу", — деп айтты өзбек лидери.