Быйыл Ысык-Көлдүн энергетика тармагында ири жаңылануу жүрөт

Аймак Загрузка... 06 Февраль 2026 12:02
630006659_18092557400476120_4735301430918711057_n.jpg
copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 06.02.26. /Кабар/. 2026-жылы Ысык-Көл облусунда электр тармактарын жаңылоого жана калкты туруктуу электр энергиясы менен камсыздоого багытталган ири масштабдагы иштер пландалууда.

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, быйыл 50 чакырым эски электр зымдары заманбап, коопсуз жана аба ырайынын туруксуз шарттарына чыдамдуу СИП зымдарына алмаштырылат.

Мындан тышкары, узундугу 80 чакырымды түзгөн 110 кВ Тамга-Пржевальск аба чубалгылары толугу менен жаңыланат. Бул линия Жети-Өгүз жана Ак-Суу райондорун, ошондой эле Каракол шаарын электр энергиясы менен камсыз кылат. Аталган ири энергетикалык долбоор калкты жана социалдык объектилерди туруктуу жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыздоого багытталган.

629399141_18092557427476120_1545042111991047067_n

Ошондой эле бул жылы керектөөчүлөр 100 пайыз "акылдуу" эсептегич менен камсыздалат.

Пржевальск көмөк чордонунда кубаттуулугу 25 МВА болгон трансформатор 40 МВА трансформаторго алмаштырылып, көмөк чордонунун жалпы кубаттуулугу жогорулайт.

629571611_18092557391476120_7802134092340518955_n

Жаңылануу иштеринин алкагында Ысык-Көл облусунда 5 даана жаңы заманбап реклоузер орнотулат. Реклоузер — бул 6-35 кВ бөлүштүрүүчү электр тармактарында колдонулуучу автоматтык өчүргүч жабдуу болуп, линияларды авариялык токтордон коргойт жана убактылуу бузулуулар болгон учурда электр энергиясын өз алдынча калыбына келтирет.

Мындан тышкары, облус боюнча 14 даана 6-10/0,4 кВ көмөк чордон орнотулат.