Ысык-Көлдө жыл аягына чейин 2 миң темир-бетон мамы орнотулат

Аймак Загрузка... 13 Февраль 2026 09:54
1.jpg
copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 13.02.26. /Кабар/. Быйыл Ысык-Көлдө 2 миң жаңы темир-бетон мамы орнотулат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Алмаштырылуучу жыгач мамылар 1960-70-жылдары орнотулуп, эксплуатациялык мөөнөтүн эки эсе өтөп, бүгүнкү күндө авариялык абалга келген.

2026-жылга карата мамылар төмөнкү райондор боюнча орнотулат:

  • Ак-Суу РЭТ – 258;
  • Каракол РЭТ – 260;
  • Жети-Өгүз РЭТ – 263;
  • Тоң РЭТ – 543;
  • Чолпон-Ата РЭТ – 314;
  • Түп РЭТ – 229;
  • Балыкчы РЭТ – 282.

Планга ылайык, темир-бетон мамылар 2026-жылдын ноябрь айынын аягына чейин орнотулуп бүтөт.

Белгилей кетсек, 2025-жылы облуста 1500дөн ашык темир-бетон мамы орнотулуп, бир катар аймактардагы эски инфраструктура жаңыланган.