Бишкек, 15.07.25. /Кабар/. Быйыл Ысык-Көл облусунда эки ГЭС пайдаланууга берилет. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Данияр Арпачиев “Кабар” агенттигине берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, алардын бири Ак-Суу районунун Боз-Учук айылындагы “Ананьево” ГЭСи, экинчиси Ысык-Көл районунда жайгашкан Койсу ГЭСи.
“Биздин облуста энергиянын кайра жаралуу булактары – шамал электр станциялары, чакан ГЭСтер актуалдуу болууда. Ушул багытта ишканаларды кеңейтүү боюнча иштерди пландап жатабыз. Тоң районунда бөлүнгөн жерлерде 3-4 компания иштеп жатат. Учурда ушундай 30га жакын ГЭСтерде курулуш иштери жүрүп жатат. Эгемендүүлүк күнүнө карата 2 ГЭС пайдаланууга берилет. Биринчиси, Ак-Суу районунун Боз-Учук айылындагы “Ананьево” ГЭСи. Кийинкиси Ысык-Көл районундагы Койсу ГЭСинде да иштер аяктоо алдында турат”, - деп белгиледи Данияр Арпачиев.