Быйыл Токтогул, Таш-Көмүр, Шамалды-Сайдын стадиондору колдонууга берилет

Спорт 13 Май 2025 12:02
496629407_1133732708797118_2993883925531877149_n.jpg
496206819_1133732758797113_8465111405812180311_n.jpg
496680235_1133732608797128_2349822657817139436_n.jpg
496823408_1133732772130445_2929754912336406496_n.jpg
497537442_1133732688797120_9154176275398731517_n.jpg
496786546_1133732558797133_9189001323500955572_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Кыргыз футбол биримдиги

Бишкек, 13.05.25./Кабар/. Быйыл Токтогул, Таш-Көмүр жана Шамалды-Сай шаарларынын стадиондору колдонууга берилет. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.

Маалым болгондой, КФБнын башкы катчысы Медербек Сыдыков жана КФБ президентинин кеңешчиси Аманбек Каскеримов Кыргызстандын түштүк аймактарына болгон иш сапарынын алкагында учурда курулуп жана реконструкциядан өтүп жаткан бир нече футбол объекттерине баш бакты. Атап айтканда, Токтогул, Таш-Көмүр жана Шамалды-Сай шаарларынын стадиондорунун курулушун жеринен текшеришти.

Аталган стадиондордо жарыктандыруучу заманбап шам-чырактар орнотулуп, оюн талаасы даярдалат. Ошондой эле трибуналар, чатырлар, трибуналар алдындагы бөлмөлөр, чуркоо аянтчалары курулуп, стадиондордун айланасын көрктөндүрүү боюнча иштери жүргүзүлөт.

Токтогул жана Таш-Көмүр шаарларынын стадиондору Улуттук лигада ойногон клубдардын карамагында болуп, алардын үй беттештери жана өспүрүмдөр арасындагы өлкө чемпионаттарынын оюндары өткөрүлөт.

Аталган үч объект 2025-жылдын күз айларында колдонууга берилет.