Быйыл Токтогул – Беш-Таш унаа жолунун 53 чакырымы асфальтталат

Аймак 26 Март 2026 12:20
658388333_1251853803790030_7876164799304709073_n.jpg
656994001_1251853693790041_4448755095228700999_n.jpg
656903983_1251853683790042_7599727100091368450_n.jpg
657277935_1251853753790035_6599199125266624231_n.jpg
657277210_1251853750456702_3656853170588693824_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Транспорт министрлиги

Бишкек, 26.03.26. /Кабар/. Быйыл Токтогул – Беш-Таш унаа жолунун 53 чакырымы асфальтталат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Күн мурун министр Талантбек Солтобаев иш сапары менен Токтогул районуна барып, жол куруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен жеринде таанышты.

Учурда жалпы узундугу 53 чакырымды түзгөн жол тилкесинде жер иштери башталды. Буга чейин жолдун айрым бөлүктөрүндө гана асфальт болуп, калган тилкелеринде жарандарга жана унааларга бир топ кыйынчылыктар жаралып келген.

Иш сапардын жүрүшүндө министр жол тармагында иштеген кызматкерлер менен жолугуп, аткарылып жаткан иштерди текшерип, курулуштун сапатын камсыз кылуу жана жумуштарды өз мөөнөтүндө бүткөрүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.