Быйыл Сузакта 375 окуучуга ылайыкталган мектеп пайдаланууга берилет

Аймак 10 июнь 2025 15:40
505370195_1217310139868033_1079369622521224982_n.jpg
505190044_1217310103201370_7869457170552927991_n.jpg
505230377_1217310223201358_2110485219988901770_n.jpg
505307437_1217310206534693_2599902216041122897_n.jpg
505344759_1217310136534700_8214010322999896717_n.jpg
505443424_1217310199868027_8411857471506399069_n.jpg
505522432_1217310159868031_188039424319865565_n.jpg
505589144_1217310169868030_4076406668904348313_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги

Бишкек, 10.06.25. /Кабар/. Сузак районунда Арзыкулов атындагы №52 жалпы билим берүүчү жаңы мектептин курулушу аяктап калды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, долбоор 2023-жылдан бери республикалык бюджеттин эсебинен ишке ашырылууда. Объекттин тендердик баасы 139 млн сомду түзөт.

Мектеп эки кабаттуу окуу корпусу, спорттук зал жана өтмө галереядан турат. Долбоор боюнча билим берүү уясы 375 окуучуга ылайыкталган, китепкана, лаборатория, актовый зал, компьютердик класс, кыздар жана балдар үчүн өзүнчө эмгек кабинеттери каралган.

Курулуш иштери Турак жай-жарандык курулуш департаментинин көзөмөлүндө жүргүзүлүүдө.

Белгиленгендей, мектепти ушул жылы пайдаланууга берүү пландалууда.