Быйыл Парламенттер аралык кеңештин IV жыйыны Кыргызстанда өтөт

Жогорку Кеңеш 2590 16 Апрель 2026 10:00
670644629_1269864171993469_4659125112960751814_n.jpg
670486082_1269863925326827_3170773510867524706_n.jpg
670884468_1269864051993481_7594889044570291686_n.jpg
671776836_1269863908660162_8711360140429842618_n.jpg
672162843_1269863905326829_7481697187258007892_n.jpg
Алдыга
Артка
670644629_1269864171993469_4659125112960751814_n.jpg
670486082_1269863925326827_3170773510867524706_n.jpg
670884468_1269864051993481_7594889044570291686_n.jpg
671776836_1269863908660162_8711360140429842618_n.jpg
672162843_1269863905326829_7481697187258007892_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 16.04.26 /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Стамбулда Казакстандын парламентинин Мажилисинин төрагасы Ерлан Кошанов менен жолугушту.

Парламенттен билдиришкендей, анда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу маселеси талкууланып, парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча пикир алмашышты.

Марлен Маматалиев белгилегендей, эки өлкөнүн парламенттер аралык мамилелери кыргыз-казак алакасын чыңдоонун натыйжалуу механизми бойдон калууда. Буга өткөн жылы Бишкекте Борбор Азия өлкөлөрүнүн III Парламенттер аралык форуму, ал эми Астана шаарында Парламенттер аралык кеңештин III жыйыны ийгиликтүү өткөрүлгөнүн мисал болот.

“Быйыл Парламенттер аралык кеңештин IV жыйынын Кыргызстанда уюштурууну мерчемдеп жатабыз. Аталган иш-чара салттуу достук мамилелерди чыңдап, парламенттер аралык өнөктөштүктү өрчүтүүгө кошумча түрткү берет деген ишеничтемин”, – деди Марлен Маматалиев.

Ал эми Ерлан Кошанов Кыргызстан менен кызматташтыкты кеңейтүү Казакстандын тышкы саясатында артыкчылыктуу багыт экенин айтты. Ошондой эле акыркы жылдары эки өлкө байланышы жаңы деңгээлге чыгып, бардык багыттарда жигердүү улантылып жатканын белгиледи.