Быйыл Ош шаарында 81 чакырым жол жана 25 чакырым тротуар курулду

Аймак Загрузка... 29 Декабрь 2025 10:18
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 29.12.25. /Кабар/. 2025-жылы Ош шаарында 81 чакырым унаа жолу, 25 чакырым тротуар курулду. Бул тууралуу мэр Жеңишбек Токторбаев 2025-жылы курулуш тармагында аткарылган иштер тууралуу айтып жатып билдирди.

Анын айтымында, ошондой эле 10го жакын сейил бак курулуп, пайдаланууга берилген.

"Мындан тышкары, 1 бала бакчанын жана 1 мектептин, 1 ФАПтын курулушу республикалык бюджеттен каржыланып пайдаланууга берилди. Дагы 2 бала бакча пайдаланууга берилүү алдында турат. Капиталдык оңдоп-түзөөдөн 4 мектеп, 2 бала бакча өткөрүлдү", - деди ал.

Мэр балдар ойноочу 50 аянтча курулуп, 7 социалдык объект реконструкцияланганын кошумчалады.