Бишкек, 27.11.25. /Кабар/. Жыл башынан бери Ош облусунда 400 чакырымдан ашуун жол пайдаланууга берилди. Бул тууралуу облус башчысы Элчибек Жантаев бүгүн январь-ноябрь айларында жол тармагында аткарылган иштер боюнча маалымат берип жатып билдирди.
Анын айтымында, 2024-жылы облус аймагында 144 чакырым жол курулса, быйылкы 2025-жылдын 11 айында эле 400 чакырымдан ашуун жол пайдаланууга берилди. Жыл аягына чейин дагы кошумча жол иштери жүргүзүлөт.
"Курулган жолдордун катарында эл аралык маанидеги Ош – Баткен – Раззаков автожолунун Ноокат – Кызыл-Кыя бөлүгү, ошондой эле көп жылдан бери көйгөй жаратып келген Өзгөн – Мырза-Аке – Кара-Кулжа унаа жолдору бар", - деди ал.