Бишкек, 12.03.26. /Кабар/. Быйыл Ош облусунда жалпы 136 миң 642 даана "акылдуу" эсептегич орнотулат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, долбоор Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы жана Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ишке ашырылууда.
Райондор боюнча көрсөткүчтөр:
- Ноокат району — 51 640 даана (эң көп);
- Кара-Суу району — 46 319 даана;
- Алай району — 14 194 даана;
- Кара-Кулжа району — 13 060 даана;
- Өзгөн району — 6 491 даана;
- Чоң-Алай району — 4 938 даана.
"Акылдуу" эсептегичтердин артыкчылыгы: Бул түзүлүштөр электр энергиясынын көрсөткүчтөрүн реалдуу убакыт режиминде автоматтык түрдө өткөрүп турат. Жаңы система коррупциялык тобокелдиктерди жоюуга, тармакты ашыкча жүктөмдөн сактоого жана төлөм кечиккен учурда аралыктан өчүрүп-күйгүзүүгө мүмкүндүк берет.