Бишкек, 05.03.26. /Кабар/. Быйыл Ош облусунда 134,64 чакырым өзүн-өзү көтөрүүчү изоляцияланган өткөргүч (СИП чубалгылары) жаңыланат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул иштер электр энергиясын жеткирүүнүн сапатын жакшыртууга, авариялык өчүүлөрдү азайтууга жана техникалык жоготууларды төмөндөтүүгө багытталган.
2026-жылга карата пландалган иштер:
- 16,33 чакырым 10 кВ аба чубалгысын жаңы куруу;
- 50,67 чакырым 10 кВ аба чубалгысын реконструкциялоо;
- 15,3 чакырым 0,4 кВ аба чубалгысын жаңы куруу;
- 52,34 чакырым 0,4 кВ аба чубалгысын реконструкциялоо.
Белгилей кетсек, күз-кыш мезгилдерине карата даярдык көрүүнүн алкагындагы бул жумуштар март айында башталып, ноябрь айына чейин жүргүзүлөт.