Саналуу күндөрдөн кийин окуу жылы башталат. Учурда ата-энелердин көпчүлүгү балдары үчүн камылга көрүп, аларды мектепке керектүү форма жана окуу жабдыктары менен камсыз кылуунун түйшүгүндө. Бул жагдайга байланыштуу “Кабар” агенттиги окуучуларга керектүү кийим-кече, окуу куралдарынын бааларын иликтеп көрдү.

Ата-энелер балдарын базарлардан, кийим дүкөндөрүнөн, ал эми кээ бирлери онлайн түрүндө башка өлкөлөрдөн (көбүнесе Кытайдан) буйрутма берип алдырышууда.

Окуу куралдарынын баалары төмөндөгүдөй:
- Күндөлүк – 85-200 сом арасы;
- 12 барактуу дептер – 4,5-15 сомго чейин;
- Калың дептер (барагынын санына жараша) – 50-100 сомго чейин;
- Дептер үчүн тыш – 80-95 (20-25 даанасы) сомдун тегерегинде;
- Калем (түрүнө жараша) – 5-60 сомго чейин;
- Жөнөкөй карандаш – 12-40 сомго чейин;
- Түстүү карандаш – 45-520 сомго чейин;
- Альбом – 50-200 сомго чейин;
- Учтагыч – 16-45 сомго чейин;
- Өчүргүч – 12-60 сомго чейин;
- Сызгыч – 15-85 сомго чейин;
- Пенал – 70-600 сомго чейин;
- Портфель – 750-7000 сомго чейин.

Ошондой эле окуу китептеринин баалары – 150-400 сомдун тегерегинде.
Бишкектин тургуну Мирулан Асановдун айтымында, учурда алар үч окуучуну жаңы окуу жылына даярдашууда. “Быйыл кийим-кечелердин баалары былтыркыга салыштырмалуу кымбаттаптыр. Үч баланы керектүү форма жана окуу куралдары менен камсыз кылуу үчүн 60 миңдей каражат кетти”, – деди ал.
Окуучулардын формалары да быйыл кымбаттаган. Өлкөдө бирдиктүү мектеп формасы жок болгону менен ак-кара кийинүү деген талап бар.

Кийим-кечелеринин баалары сапатына жараша өсүп отурат:
- Ак көйнөк – 850 сомдон жогору;
- Жакет – 1100 сомдон жогору;
- Костюм – 1800 сомдон жогору;
- Шым – 1000 сомдон жогору;
- Спорттук кийим – 2000 сомдон жогору;
- Классикалык бут кийим – 1500 сомдон жогору;
- Спорттук бут кийим – 1200 сомдон жогору;
- Кыздардын сарафандары – 1000 сомдон жогору;
- Юбка – 900 сомдон жогору.

Эркек балдар менен кыздардын жана төмөнкү класстардын окуучулары менен өспүрүм балдардын кийим-кечелеринин бааларында 100 сомдон 500 сомго чейинки айырмачылыктары бар.