Ноокатта жазгы талаа иштери эрте башталды: 200 гектар жер айдалды

Аймак 27 Февраль 2026 14:25
photo_5262834465761858293_y.jpg
photo_5262834465761858294_y.jpg
photo_5262834465761858292_y.jpg
photo_5262834465761858291_y.jpg
Алдыга
Артка
photo_5262834465761858293_y.jpg
photo_5262834465761858294_y.jpg
photo_5262834465761858292_y.jpg
photo_5262834465761858291_y.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 27.02.26. /Кабар/. Ноокат районунда аба ырайына байланыштуу быйыл себүү иштери 10–15 күнгө эрте башталды. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө карата райондо 200 гектардан ашык жер айдалып, анын ичинен 120 гектарына буудай, 36 гектарына арпа себилди.

Ошондой эле район аймагында 8 473 гектар жерге буудай, 2 596 гектар жерге арпа эгүү пландалган.

Министрлик тарабынан дыйкан-фермерлерге үрөн, күйүүчү-майлоочу материалдар жана жер семирткичтер менен камсыз кылуу боюнча тиешелүү колдоо көрсөтүлүүдө. Ошондой эле адистер тарабынан агротехникалык кеңештер берилип, жумуштардын сапаттуу жүрүшү көзөмөлгө алынган.

"Бул иш-чаралар азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга жана аймактын агрардык потенциалын жогорулатууга багытталган", — деп айтылат маалыматта.