Быйыл Манас шаарында жаңы көмөк чордон курулат

Аймак Загрузка... 02 Февраль 2026 11:40
480137966_622399970_EeMDPeV.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 02.02.26. /Кабар/. 2026-жылы Манас шаарынын электр энергиясына болгон муктаждыгын камсыздоо максатында 110/10 кВ "Бакай" көмөк чордону курулат.

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, жаңы объект калкты, социалдык объектилерди жана курулуп жаткан көп кабаттуу турак жайларды туруктуу электр энергиясы менен камсыздоого шарт түзөт.

Ошондой эле эскирген 3 энергетикалык объект жаңыланат:

  • Кара-Көл РЭТинин имараты;
  • Аксы РЭТине караштуу Кербен УЭТинин имараты;
  • Токтогул РЭТине караштуу Үч-Терек УЭТинин имараты.

Мындан тышкары, Жалал-Абад облусу боюнча 5000 темир-бетон мамыча алмаштырылып, 270 чакырым аба чубалгысы заманбап СИП электр өткөргүчтөрүнө өткөрүлөт жана 50 даана жаңы трансформатор орнотулат.