Быйыл Манас шаарында 200дөн ашык мыйзамсыз курулуштар буздурулду

Аймак Загрузка... 16 Октябрь 2025 10:50
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 16.10.25. /Кабар/. Быйыл Манас шаарында 200дөн ашык мыйзамсыз курулуштар буздурулду. Бул тууралуу шаар мэри Эрнисбек Ормоков “Кабар” агенттигине билдирди.

Анын айтымында, жолду салуу иштери учурунда мыйзамдуу салынган 2-3 үй да аныкталган. Алардын ээлери менен сүйлөшүү жүргүзгөн соң жол кеңейтилген.

“Биз мыйзамсыз объекттерди буздурууда алгач аларды аныктап, соттун чечими менен укук коргоо органдары аркылуу иш алып бардык. Ал эми мыйзамдуу курулуштарга көз карандысыз баалоо жүргүзүп, акча каражатын бюджеттин эсебинен бөлүп бердик. Быйыл 200дөн ашык мыйзамсыз курулуштар буздурулду. Мисалы, жол салынып жатканда эки жолдун ортосунда жайгашкан үйдү түрттүрдүк. Мурда шаар тургундары үйдү айланып өтүшчү. Мурдагы жылы дагы бир жаңы көчөнү ачып жатканда эки үйдү бузуу маселеси чечилген. Алардын үйү мыйзамдуу курулган. Бирок элдин кызыкчылыгы үчүн үй ээлери менен сүйлөшүп, башка жактан турак жай алып берип, же болбосо кенемте бөлүп жолду ачтык”, - деди мэр.

Ошондой эле Эрнисбек Ормоков шаардагы түрмө да көчүрүлүп, анын ордуна административдик имарат салынганын, учурда муниципалдык базарды да жылдыруу иштери жүрүп жатканын кошумчалады.