Быйыл мамлекеттик сыйлыктар берилеби? Азамат Кадыралиевдин жообу

Маданият Загрузка... 19 Август 2025 12:10
1.webp
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 19.08.25./Кабар/. Президенттин администрациясынын жетекчисинин орун басары – президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыктын башчысы Азамат Кадыралиев мамлекеттик системаны бюрократиядан арылтуу боюнча чараларды ишке ашырууга арналган брифингде быйыл мамлекеттик сыйлыктар берилеби же жокпу деген суроого жооп берди.

Анын айтымында, президент мамлекеттик сыйлыктарга мораторий киргизүү жөнүндө жарлыкка кол койгон. Мораторий 2026-жылдын январына чейин күчүндө болот. "1990-жылдары 10 орден жана медаль болгон. Азыр алардын саны 18. Максаты – мамлекеттик сыйлыктарды берүү системасын реформалоо", - деди ал.

Быйыл мамлекеттик сыйлыктар берилеби деген суроого Кыдыралиев президенттин тапшырмасы менен мамлекеттик сыйлыктар берилиши мүмкүн экенин, бирок өткөн жылдардагыдай көп берилбей турганын айтты. Президент өз чечими менен мамлекеттик сыйлыктарды ыйгара алат.