Бишкек, 22.07.26. /Кабар/. 2026-жылы майыптыгы бар жарандарга 257 майыптар арабасы берилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, алардын ичинен республикалык бюджеттин эсебинен сатып алынган чоңдор үчүн 26, балдардын көп тармактуу майыптык арабасынан 94, гуманитардык жардам катары берилген 137 араба берилди.
Белгиленгендей, майыптыгы бар адамдарды араба менен камсыздоо министрлер кабинетинин атайын жобосуна ылайык жүргүзүлөт.
Майыптардын арабасын алуу укугу майыптыгы бар Кыргызстандын жарандарына 5 жылдык мөөнөткө берилет.
Майыптыгы бар адамдарга үйдө жана сыртта туруктуу колдонуу үчүн стандарттык же көп функциялуу майыптардын арабалары 3 жашынан баштап бекер берилет.
Арабалар медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын (МСЭК) корутундусунун негизинде берилет. Муктаждар арабаны алуу үчүн аймактык башкармалыктарга төмөнкү документтерди бериши керек:
- арыз;
- МСЭКтин корутундусунун көчүрмөсү.