Бишкек, 01.04.25. /Кабар/. Быйыл өлкөдө жер астындагы 80 скважинаны калыбына келтирүү пландалууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө республика боюнча 14 миң 496 скважина бар, анын ичинен 270 скважина текшерилип, ушул жылы 80 скважина калыбына келтирүү каралган.
Учурда суу чарба объектилерин 2025-жылдын сугат мезгилине даярдоо үчүн Суу ресурстары кызматынын 203, ал эми жергиликтүү айыл өкмөттөрү тарабынан болжолду миңден ашык техникалар тартылды.
258 калктуу конуштарды таза суу менен камсыздоо багытында 168 калктуу конуштарда курулуш жумуштары аткарылып, анын ичинен 40 айылдын таза суу системаларында курулуш иштери аяктап, пайдаланууга берилет. Ошондой эле 90 калктуу конуштардын таза суу системасын долбоорлоо-сметалык иш-кагаздары даярдалат.