Жаңы окуу жылына карата 28 мектеп жана 3 бала бакча пайдаланууга берилет

Коом 54 11 Август 2026 10:35
WhatsApp_Image_2026_WPnOqNm.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 11.08.26. /Кабар/. 2 026-жылдын башынан бери республикалык бюджеттин эсебинен өлкө боюнча 28 мектеп жана 3 бала бакчанын курулушу аяктады. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.

Мындан тышкары, 18 мектеп жана 4 бала бакчада капиталдык оңдоп-түзөө иштери аяктаган.

"Билим берүү мекемелеринин материалдык-техникалык базасын жаңылоого да көңүл бурулууда. 2026-жылы мектептерди эмерек менен камсыз кылууга республикалык бюджеттен 67,2 млн сом каралган. Ошондой эле быйыл мугалимдерге 16 185 ноутбук таратуу пландалууда. Буга чейин 2024-жылы 27 031, 2025-жылы 20 286 ноутбук сатып алынып, мугалимдерге берилген", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 21-22-августта Бишкекте Улуттук педагогикалык форум өтөт. Анда 12 жылдык билим берүү системасына өтүүнүн биринчи жылынын жыйынтыктары чыгарылып, жаңы окуу жылындагы негизги багыттар талкууланат.