Бишкек, 14.09.25. /Кабар/. Быйыл өлкө боюнча 1000 чакырым жол оңдолду. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Ноокаттын Кулатов айыл аймагынын тургундары менен жолукканда билдирди.

Анын айтымында, буга чейин мындай көлөмдөгү ремонт иштери жасалган эмес.
"Бизге чейинки бийликтегилер 200-300-400 чакырым жол жасап жатышкан, 500гө жетчү эмес. Бирок биз келип 600гө чейин чыгарганбыз, миңге жеткен эмеспиз. Быйыл миң чакырым жол жасалды. Демек, көптөгөн жерлерибиздеги жолдор Ноокаттагы жолго окшоп өзгөрдү, элдин жашоо турмушуна пайдасы тийди.
Биз муну менен токтотуп койбостон кийинки жылдан баштап мындан да көбүрөөк жол жасайбыз, айыл ичиндеги жолдор оңдоло баштайт. Инфраструктура түзүлөт, суусу, жолу, мектеби, бала бакчасына чейин шарттарын түзөбүз. Бул биздин милдетибиз. Бул үчүн мамлекетте каражаттар да пайда болду", - деп белгиледи ал.