Быйыл Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу күн электр станциясы ишке берилет

Экономика 21 ноябрь 2025 17:30
WhatsApp Image 2025-11-21 at 17.30.24.jpeg
WhatsApp Image 2025-11-21 at 17.00.43.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-11-21 at 17.30.24.jpeg
WhatsApp Image 2025-11-21 at 17.00.43.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon WWW

Бишкек, 21.11.25. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 15-декабрында Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу 120 МВт кубаттуулуктагы күн электр станциясын Балыкчы шаарында ишке беребиз. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Бишкектеги Алтай шаарчасынын курулушуна мезгил кутусун салуу аземинде эл менен жолугушуу учурунда билдирди.

Ал ошондой эле учурда курулуп жаткан 100гө жакын ГЭС, күн жана шамал электр станциялары 2028-жылга өлкөнү энергетикалык кризистен чыгарууга өбөлгө болорун белгиледи.