Быйыл Кыргызстандан АКШга 75 тонна кургактылган мөмө-жемиш экспорттолду

Экономика Загрузка... 13 Август 2025 13:55
istockphoto-95230433-612x612.jpg
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 13.08.2025. /Кабар/. 2025-жылдын башынан бери Кыргызстандан Америкага 75 тонна кургатылган мөмө-жемиш экспорттолду.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, мөмө-жемиштер Баткендеги "Алтын-Аймак" ишканасы тарабынан экспорттолгон.

Белгиленгендей, бул ишкананын продукциясынын жогорку сапатын жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн тастыктайт.

Баткен районунун Кара-Бак айыл өкмөтүндө жайгашкан "Алтын-Аймак" ишканасы кургатылган мөмө-жемиштерди кайра иштетүүгө багытталган заманбап ишкана болуп саналат. Ишкана суткасына 10 тонна өндүрүш кубаттуулугуна ээ.

Ишкана эки негизги цехтен турат: күндүн энергиясын колдонуп, чийки продукцияны тез жана сапаттуу кургатуу, ошондой эле кайра иштетүү жана таңгактоо линиялары. Сезондо ишкана эки сменада 40-50 жумушчу менен иштеп, жергиликтүү тургундарга жумуш орундарын түзүп жатат.