Быйыл Кыргызстанда 1905 объект пайдаланууга берилди

Экономика Загрузка... 31 Декабрь 2025 12:28
FB_IMG_1767162593143.jpg
copyright icon Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги

Бишкек, 31.12.25. /Кабар/. 2025-жылы пайдаланууга берилген объектилердин саны 32,7 пайызга өстү. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, быйыл өлкө аймагында курулуш иштери планга ылайык жүргүзүлдү.

Жыл жыйынтыгы менен өлкө боюнча 3,4 млн чарчы метр турак жай пайдаланууга берилди. 2024-жылы бул көрсөткүч 2,027 млн чарчы метрди түзгөн.

Отчеттук мезгилде республика боюнча жалпы 1905 объект пайдаланууга берилди. 2024-жылдагы 1435 объектке салыштырмалуу пайдаланууга берилген объектилердин саны 32,7 пайызга көбөйдү.

"Бул көрсөткүч курулуш тармагындагы ишмердүүлүктүн жогорулаганын жана инфраструктуралык долбоорлордун ырааттуу ишке ашырылып жатканын айгинелейт", - деп айтылат маалыматта.