Быйыл Кыргызстан Өзбекстандан 4 миң тоннадан ашуун жүзүм сатып алды

Экономика Загрузка... 14 Октябрь 2025 15:43
photo_14_.jpg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 14.10.25. /Кабар/. 2025-жылдын январь-август айларында Кыргызстан Өзбекстандан 4 миң тоннадан ашуун жүзүм импорттоду.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, бул мезгил ичинде Өзбекстандан жалпы 86,2 миң тонна жаңы жүзүм 78,3 млн долларга экспорттолгон. Бул өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 64 пайызга көп көрсөткүч болуп саналат.

Импорт көлөмү боюнча биринчи орунда Россия турат — бул өлкөгө 63,4 миң тонна жүзүм жеткирилген. Андан кийинки орундарда Казакстан (15,2 миң тонна), Кыргызстан (4,5 миң тонна), Беларусь (2,8 миң тонна) жана Украина (100 тонна чамасында) орун алышкан. Жалпысынан 2025-жылы өзбек жүзүмү 19 мамлекетке экспорттолгон.

Адистер белгилегендей, экспорт көлөмүнүн өсүшү логистикалык шарттардын жакшыртылышы, заманбап сактоо технологияларынын киргизилиши жана жүзүм өстүрүү аянттарынын кеңейиши менен түшүндүрүлөт. Жыл жыйынтыгында жүзүм экспортунан түшкөн киреше 100 млн доллардан ашары күтүлүүдө.