Быйыл Кочкордо 375 орундуу мектеп пайдаланууга берилет

Коом 13 июнь 2025 16:06
506072734_1219475009651546_8574024734424511360_n.jpg
506293158_1219475042984876_6277658156531409240_n.jpg
506340758_1219475062984874_4998466318333164377_n.jpg
506375098_1219474989651548_1380694463920799001_n.jpg
506593591_1219475016318212_3322899287475621596_n.jpg
506701315_1219475032984877_6033840584574768622_n.jpg
506774197_1219474926318221_4636048706248472786_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги

Бишкек, 13.06.25. /Кабар/. Кочкор районуна караштуу Кара-Суу айылында Ш. Рысмендеев атындагы жаңы мектептин курулушу толук аяктады.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигингинен билдиришкендей, долбоор 2022-жылдан тарта республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып келген. Тендердик баасы 119 млн сомду түзөт.

Долбоор боюнча мектеп 375 окуучу орунга ылайыкталган. Анда окуу класстар, лаборатория, актовый зал, ашкана, эмгек кабинети, компьютердик класс, дарыгердин бөлмөсү жана спорттук зал каралган. Объекттин жалпы аянты — 1 945 чарчы метрди түзөт.

Мектеп жаңы окуу жылына карата пайдаланууга берилет.