Бишкек, 26.03.26. /Кабар/. Быйыл Каракол шаарында саркынды сууларды тазалоочу заманбап жай ишке киргизилет. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, курулуш иштери Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) колдоосу менен жүргүзүлүп жатат.
Станциянын курулушу эки этап менен жүргүзүлүүдө:
- Биринчи этапта – объекттин кубаттуулугу суткасына 12 миң куб метрди түзүп, болжол менен 75 миң тургунду тейлей алат.
- Экинчи этапта – 2027-жылы башталып, дагы 12 миң куб метр кубаттуулук кошулат.
Натыйжада жалпы кубаттуулук 24 миң куб метрге жетип, борбордук саркынды суу тутумуна 100 пайыз туташкан учурда 150 миң тургунду тейлөө мүмкүнчүлүгү болот.
Белгиленгендей, учурда курулуш иштери жогорку деңгээлде жүргүзүлүүдө. Бетон жумуштары бүткөрүлүп, аэротенктер, баштапкы жана экинчи чөкмө бассейндер, кум жана май кармоочу жайлар салынды. Ошондой эле лабораториясы бар административдик имарат жана бардык керектүү техникалык курулмалар даяр болду.
Алгачкы сыноо иштеринин башталышы 2026-жылдын май айына пландалган, ал эми станцияны толук ишке берүү быйыл август айына белгиленүүдө.