Быйыл Кара-Жыгач – Сары-Челек жолунун 6 чакырымы асфальтталат

Аймак Загрузка... 17 Июль 2025 12:18
copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек, 17.07.25. /Кабар/. Быйыл Аксы районундагы Кара-Жыгач – Сары-Челек унаа жолунун 6 чакырымы асфальтталат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, күн мурун министр Абсаттар Сыргабаев аталган жолдун курулуш иштеринин жүрүшүн көзөмөлдөдү.

Ал жеринде иш солгун жүрүп жатканын белгилеп, курулушту ыкчамдатуу жана сапатына өзгөчө көңүл бурууну талап кылды.

Белгилей кетсек, аталган жолдун жалпы узундугу 20 чакырымды түзөт. Анын ичинен 6 чакырымына асфальт төшөлүп, калган бөлүктөрүндө жердин негизин даярдоо жумуштары жүрөт.