Быйыл Кара-Суу районунда 26 социалдык объект курулат

Президент Загрузка... 12 Апрель 2026 18:00
мпппп.webp
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 12.04.26. /Кабар/. Быйыл Кара-Суу районунда 26 социалдык объект курулат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн Ош облусунун Кара-Суу районунун тургундары менен жолугушканда билдирди.

Мамлекет башчысы белгилегендей, буга чейин райондо мектеп, бала бакча, спорт жана маданият жаатында 49 объект курулган.

Президент Кара-Суу районунун билим берүү тармагында көйгөйлөр бар экенин айтып, аларды чечүү үчүн жаңы мектептерди жана бала бакчаларды куруу, предметтик мугалимдердин жетишсиздигин жоюу жана алардын квалификациясын жогорулатуу боюнча чаралар көрүлүп жатканын белгиледи.

Ошондой эле педагогдордун материалдык-техникалык камсыздалышын жакшыртуу маселесине көңүл бурулууда.