Быйыл Кара-Кечеден Бишкек ЖЭБге 750 миң тоннага жакын көмүр ташылып келет

Экономика Загрузка... 03 Октябрь 2025 10:44
komur---komur-arama-ve-arastirma-hizmetleri.jpg
copyright icon WWW

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 03.10.25. /Кабар/. Быйыл Кара-Кечеден Бишкек Жылуулук электр борборуна 750 миң тоннага жакын көмүр ташылып келет. Бул тууралуу "Кабар" подкастта "Кыргыз көмүр" ААКтын директору Кайрат Маматов билдирди.

Анын айтымында, "Кыргыз көмүр" ААКтын көмүр ташыган 50 унаасы бар.

"Биз 750 миң тоннанын баарын ушул 50 унаа менен ташыбайбыз. Биз тендер өткөрүп, жеке менчик компаниялар 350 унаасы менен бизге кирет. Алар көмүрдү ЖЭБге Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы койгон баа менен ташып беришет", - деди ал.