Быйыл Кант шаарында баш-аягы 40 долбоор ишке ашырылат – Улан Майлибашев

Интервью Загрузка... 18 Февраль 2025 12:55
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Чүй облусунун Кант шаарына облустук маанидеги шаар статусу берилген. Буга байланыштуу шаарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча алдыга бир катар иштер мерчемделген эле. “Кабар” агенттиги Кант шаарынын мэри Улан Майлибашев менен маектешип, 2025-жылга карата кандай долбоорлорду ишке ашырууга күч-аракеттер жумшалып жатканына кызыкты.

WhatsApp Image 2025-02-18 at 08.17.11.jpeg

Административдик-аймактык реформанын алкагында, Кант шаарынын аймагы да кеңейип, калкынын саны өстү. Буга байланыштуу шаарга кошулган айылдарда кандай иштер жүрүп жатат?

WhatsApp Image 2025-02-18 at 08.18.05.jpeg

Административдик-аймактык реформага ылайык, Кант шаарынын курамына Люксембург айыл аймагы кошулуп, Кант шаарына облустук маанидеги шаар статусу берилген. Люксембург айыл аймагынын жалпы аянты 5,5 миң гектар, ал эми тургундардын саны 8 миңден ашат. Мурда Кант шаарынын жашоочуларынын саны 23 миңден ашса, азыр 31,2 миң адамга жетти. Реформалар башталгандан кийин биз 2024-жылы Люксембург айыл аймагында алгылыктуу иштерди баштаганбыз. Анын ичинде мектептерди, бала бакчаларды оңдоп-түзөө иштерин колго алдык. Былтыр Киргшелк айылындагы мектептин жылытуу системасы оңдолуп, отканасындагы мештер алмаштырылды. Ошондой эле спорт, жол, суу, канализация жагына да көңүл бурулуп жатат. Былтыр тендер өткөрүп, таза суу менен канализацияны киргизүүнү мерчемдегенбиз. Долбоорлоо иштери бүтүп калса, Киргшелк айылына толугу менен суу киргизип, канализация тартылып, тазалоо курулмалары курулат. Буга чейин айылдын 25%ы гана таза суу менен камсыздалыптыр. Биз азыр айылга таза сууну киргизүү иштерине басым жасап жатабыз. Люксембург менен Киргшелктун ортосуна узундугу 4 чакырымга жеткен веложол салынып, айланасы жарыктандырылат. Люксембургдагы “Василек” бала бакчасында быйыл оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт. Былтыр гүлзарда оңдоп-түзөө жумуштары жасалган. Ал жерге жаңы жылдык балаты орнотулуп, жашоочуларга майрамдык маанай тартууланды. Алар айылдардын шаарга кошулушу менен бир катар жылыштар болуп жатканын айтышып, ыраазылычылыктарын билдирип жатышты.

Шаарда акыркы жылдары социалдык объекттерди куруу боюнча кандай иштер аткарылды? Быйылкы жылга пландалган иштерге да токтоло кетсеңиз.

Быйыл дагы социалдык объекттердин курулушу мерчемделген. УКМКнын жардамы менен шаардын карамагына жалпы аянты 2090 чарчы метрди түзгөн бала бакча өткөн. Ошол бала бакчаны толугу менен капиталдык оңдоодон өткөрүп жатабыз. Мындан тышкары, республикалык бюджеттин эсебинен бир мектептин кошумча имаратынын курулушу жүрөт. Азыр бул титулдук тизмеге кирди. Дагы бир мектеп толугу менен буздурулуп, ордуна жаңы 500 орундуу билим уясы курулат. Курулуш иштери Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланат. Шаардык бюджеттин эсебинен амфитеатр, инновациялык китепкана салынат. Аянты 11, 8 миң чарчы метрге жеткен жаштар аллеясы курулууда. Жылына биз ончакты долбоорду ишке ашырчубуз. Быйыл болсо суу, жол сыяктуу иштерди кошкондо, баш-аягы 40 долбоорду жүзөгө ашырууну мерчемдеп жатабыз. Ушул жылы көп иштер аткарылат.

Шаарга инвестицияларды тартуу боюнча да кандай иштер жүрүүдө?

Шаардык бюджет былтыр 350 млн сом деп бекитилсе, быйыл 380 млн сом деп бекитип жатабыз. 3-4 жыл мурда бюджет 178 млн сом болчу. Менин оюмча, буга мамлекет тарабынан алдыга коюлган иштерди туура жүргүзүүнүн аркасынан жетишилип жатат. Инвестициялар туура айта кетсем, шаарга эки чоң инвестиция тартылган. УКМК тарабынан 3,8 гектар жери менен автобаза шаардын карамагына өткөн. Анын аймагына инвесторлор аркылуу эмеректерди жасоочу фабрика курулганы жатат. Меморандумга кол коюлган. Бул долбоор мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизми аркылуу ишке ашат. Шаардагы таштанды полигонубузга келишимдин негизинде таштандыны сорттой турган жабдыктар орнотулат. Ошондой эле шаарга коомдук уюмдар тарабынан ветеринардык клиника салынып, жумуш орундары түзүлдү.

Кант – Бишкек жолун салууга учурда даярдык иштери жүрүп жатат. Мэрия жол боюнда курулуп калган, кызыл сызыктан чыгып кеткен объекттер боюнча кандай иштерди алып барды?

WhatsApp Image 2025-02-18 at 08.19.43.jpeg

Быйыл Бишкектен Кантка чейинки айланма жолду салуу иштери жүрөт. Азыр жол салуу иштерине бир дагы объект тоскоолдук жаратпайт. Биз буга чейин жол жээгине чыгып кеткен объекттерди, көрнөк-жарнамаларды, башаламан соода-сатыктан тазалаганбыз. Ушундай эле иштер шаар ичинде да жасалып, имараттардын сырты келбетин жакшыртуу иштери жүрдү.

Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан Кант шаарында жаңы заманбап көп батирлүү турак жай комплексинин мезгил кутучасы салынды. Шаарда турак жайга муктаж жарандардын саны сиздердин эсеп боюнча канчага жетет?

480010475_1438303013805286_2924080263207616439_.original.jpg

Туура айтасыз, Кант шаарында турак жайга муктаж жарандар көп. Бул үчүн шаардын аймагынан комплекти куруу үчүн жалпы аянты 27,8 гектарды түзгөн жер бөлүнүп берилген. Жалпысынан 72 блоктон турган 2 160 батири бар 5 кабаттуу комплекс курулат. Бизде бүгүнкү күндө жер алууга кезекке тургандардын саны 1480 адам. Эми алар Кант шаарында курула турган турак жай комплексинен батир алууга мүмкүнчүлүк жаралды, муну менен жашоочулардын турак жай маселеси чечилет деп эсептейбиз.