Бишкек, 08.09.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев көчмө жыйындын жүрүшүндө шаардагы жол объектилериндеги капиталдык оңдоо жана курулуш иштерин текшерип, аларды тездетүү боюнча тапшырмаларды берди.
Муниципалитеттен билдиришкендей, мэр Чүй проспектиси – Осмонкул көчөсү жана Ж.Абдрахманов – Гүлчын көчөлөрүнүн кесилишиндеги капиталдык оңдоо иштери аяктаган жол тилкелерин ачты.
Ошондой эле Чүй проспектисинде жөө адамдар өтүүчү өтмөктөргө байланыштуу калган иштерди бир жуманын ичинде бүтүрүү тапшырылды.
Ошондой эле Ж.Абдрахманов көчөсүнүн Кожевен көчөсүнөн Түндүк айланма жолго чейинки бөлүгүндөгү оңдоо иштеринин жүрүшү текшерилди. Келечек-9 көчөсү аркылуу "Дордой-автотетиктери" базарына баруучу жол тилкесин асфальттоого жеке компанияларга 24 сааттын ичинде киришүү тапшырылды.
Мындан тышкары, Чыгыш автобекетинин айланасын иретке келтирүү, кошумча унаа токтотуучу жайларды түзүү жана фасадын тарыхый-маданий өзгөчөлүгүн сактоо менен жаңылоо тапшырылды.
Жыйынтыгында жооптуу жетекчилерге жол иштерин белгиленген мөөнөттө сапаттуу бүткөрүү, жол катмарынын сапатын камсыздоо жана жол боюндагы аймактарды комплекстүү көрктөндүрүү тапшырылды.