Быйыл калкты таза суу менен камсыздоого бюджеттен 3,7 млрд сом бөлүндү

Экономика 24 декабрь 2025 10:38
Быйыл калкты таза суу менен камсыздоого бюджеттен 3,7 млрд сом бөлүндү

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 24.12.25. /Кабар/. Быйыл калкты таза суу менен камсыздоого бюджеттен 3,7 млрд сом бөлүндү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңеште баяндама жасап жатып айтты.

Анын айтымында, учурда өлкөнүн 25 шаарында жана 601 айылда таза суу системалары курулууда.

"2026-жылга 45 айылды жана 3 шаарды таза суу менен камсыздоо пландалууда", - деди ал.