Быйыл электр энергияны керектөө 19,6 млрд кВт.саат болору күтүлүүдө

Коом 22 10 Август 2026 16:40
1336173.a0888e4084b81289180a7eb99adcda89.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 10.08.26. /Кабар/. Кыргызстандын экономика тармактарын жана калкын 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча республикалык штабдын жыйыны өттү.

Отурумда алгач жылытуу мезгилине карата суу-энергетикалык абал жана отун-энергетикалык комплексинин даярдыгы жөнүндө Энергетика министрлигинин баяндамасы угулду. 

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылы республика боюнча электр энергияны керектөө көлөмү 19,6 млрд кВт.саат болушу күтүлүүдө, анын 15,5 млрд кВт.саат өзүбүздөн иштелип чыкса, калган 4,1 млрд кВт.саат дефицит импорттолот. Ал эми, учурда Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү өткөн жылдын ушул убактысына салыштырмалуу аз болууда. 

Жогорудагы маселелерге байланыштуу электр энергияга болгон ички лимитти сактоо, сууну сарамжалдуу пайдалануу зарылдыгы айтылып, гидроэлектростанциялардагы гидроагрегаттарды жана жылуулук электр борборунда жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштерин графике ылайык бүткөрүү керектиги белгиленди.