Быйыл дан өсүмдүктөрүнүн түшүмү эмнеге төмөн болду?

Экономика Загрузка... 09 Декабрь 2025 11:00
WhatsApp Image 2025-12-09 at 10.52.30.jpeg
copyright icon WWW

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 09.12.25. /Кабар/. Быйылкы жыл айыл чарбасы үчүн бир аз оор жылдардан болду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Өсүмдүк өстүрүү, багбанчылык жана кооперация башкармалыгынын башчысы Турат Идирисов “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, бул көрүнүш жай мезгилиндеги күндүн ысышына, суу тартыштыгындагы кургакчылыкка байланыштуу болгон.

“Былтыркы жыл менен салыштырсак, өткөн жылга караганда быйыл дан өсүмдүктөрүнүн түшүмү төмөнүрөөк болду. Ал эми, башка өсүмдүктөрдүн түшүмү былтыркы жылдагыдай эле. Белгилей кетсем, быйыл жашылча-жемиштер жакшы түшүм берди. Мисалы, Талас облусунда гектарына 25 тоннанын тегерегинде калемпир түшүмү жыйналды. Мурда 15-20 тоннанын тегерегинде алып келишкен. Чүй облусунда сабизди 70-73 центнерге чейин, кээ бир дыйкандар 90 центнерге чейин алышты. Орточо республика боюнча 30-40 центнерден алып жүрүшкөн.

Нарын облусунда картошкадан гектарына 35-40 центнерге чейин түшүм алышты. Жалпысынан алганда жылыбыз жаман эмес. Бирок кайрак жерлердеги буудай, арпанын түшүмү былтыркыга караганда төмөнүрөөк болуп калды. Себеби, жаандын аз жаашы, аба ырайынын ысык болушу менен кайрак жерлерге суу барбаганына байланыштуу түшүм төмөнүрөөк болду”,- деди Идирисов.

Ошондой эле Чүй өрөөнүндө кант кызылчасы жана айрым жашылча-жемиштердин түшүмү жыйналып бүтө электигин кошумчалады.

“Республика боюнча дээрлик 98-99% түшүм жыйналып бүттү. Ушул жуманын ичинде кант кызылчасынын акыркы аянтынын жыйналышы күтүлүүдө”,- деди ал.