Быйыл Чүйдө 70 миңден ашык "акылдуу" эсептегич орнотулат

Аймак Загрузка... 29 Апрель 2026 11:05
2.webp
copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 29.04.26. /Кабар/. 2026-жылы Чүй облусунда 70 миң 602 "акылдуу" эсептегич орнотулат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, "акылдуу" эсептегичтерди орнотуу Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ишке ашырылууда.

Эске сала кетсек, 2025-жылы Чүй облусунда 102 652 даана "акылдуу" эсептегич орнотулган. Акылдуу эсептегич орнотуу иштери төмөндөгүдөй алгылыктуу жыйынтыктарды берди:

  • керектөөчүлөрдү тейлөөнүн сапаты, электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгү жогорулады;
  • кардарлардын кайрылуулары 50 пайызга азайды;
  • электр энергиянын жоготуулар 1,3 пайызга кыскарды;
  • санариптештирүүнүн алкагында 47 инспектордук кызмат орду кыскарды;
  • кагаз түрүндө берилчү эсеп дүмүрчөк токтотулуп, “Мой свет” мобилдик тиркемеси менен керектөөчүлөр аралыктан тейлөөгө өттү;
  • кагаз дүмүрчөк колдонуу бир кыйла азайып, каржы жагынан үнөмдөлдү.