Бишкек, 03.02.26. /Кабар/. 2026-жылы Чүй облусунда энергетика тармагын өнүктүрүү боюнча олуттуу иштер аткарылат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Анын ичинде облус аймагында 4 көмөк чордон курулат:
- 110/35/10 кВ "Манас" көмөк чордону;
- 220/35/10 кВ "Чуйская" көмөк чордону;
- 110/35/10 кВ "Күн-Туу" көмөк чордону;
- 35/10 кВ "Ленинская" көмөк чордону.
Мындан тышкары, эскирген зым аба чубалгыларын заманбап СИП кабелдерине алмаштыруу иш планга киргизилди. Алсак:
- 15,67 чакырым 10 кВ аба чубалгысы (СИП-3);
- 103,81 чакырым 0,4 кВ аба чубалгысы (СИП-2);
- 0,37 чакырым 10 кВ кабелдик линия;
- 0,15 чакырым 0,4 кВ кабелдик линия реконструкцияланат.
Буга кошумча 2026-жылы Чүй электр тармактар ишканасынын аймагында темир-бетон мамычаларын өндүрүүчү цехтин курулушу пландаштырылууда. Ошондой эле облус боюнча 2800 даана темир-бетон мамыча алмаштырылып, 5 даана жаңы трансформатор орнотулат.
Тармакты санариптештештирүү максатында 80 миңден ашуун "акылдуу" эсептегичтерди орнотуу, 785 даана транформатордук көмөк чордонду капиталдык оңдоодон жана 5176 даана транформатордук көмөк чордонду техникалык тейлөөдөн өткөрүү мерчемделүүдө.