Быйыл бокс боюнча дүйнө чемпионатында рекорддук байге фонду коюлат

Спорт Загрузка... 02 Октябрь 2025 09:00
WhatsApp Image 2025-10-02 at 08.35.08.jpeg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 02.10.25. /Кабар/. 2025-жылы Дубайда өтө турган бокс боюнча эркектер арасындагы дүйнө чемпионатынын байге фонду рекорддук сумманы 8,32 млн долларды түзөт. Бул тууралуу Россиянын Бокс федерациясынын сайтында жарыяланган маалыматка таянып, Интерфакс жазды.

Маалыматка ылайык, дүйнө чемпиону болгондор 300 миң доллардан, күмүш медаль алгандар 150 миң доллар, коло медаль ээлерине 75 миң доллардан берилет.

"Бул дүйнөлүк чемпионатта ар бир мушкер, ар бир машыктыруучу жана ар бир улуттук федерация татыктуу сый-урмат жана сыйлык алуусун камсыз кылуу болуп саналат", - деген Эл аралык бокс ассоциациясынын (IBA) жетекчиси Умар Кремлев.

"IBA мушкерлерди коргоо, аларга мүмкүнчүлүктөрдү түзүү жана биздин спорт биримдиктин жана калыстыктын күчү бойдон калышын камсыздоо үчүн иштейт", - деп айткан ал.

Белгилей кетсек, Дубайда дүйнө чемпионаты 2-декабрдан 12-декабрга чейин өтөт.