Бишкек, 02.06.25. /Кабар/. Бишкекте жогорку чыңалуудагы 567 чакырым аба чубалгылары оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт.
Энергетика министрлигинен билдиришкендей, 2025-жылы жогорку чыңалуудагы тармактар кызматынын адистери 35/110/220 кВ 26,7 чакырымын аба чубалгыларында капиталдык оңдоо жана 567 чакырым аба чубалгыларында кезектеги оңдоо иштерин жүргүзүшөт. Планга ылайык 3695 даана фарфор жана сынган изоляторлор жаңысына алмаштырылып, 507,1 килограммдан ашык бурч темирлер ширетилет жана 50 анкердик мамынын түптөлүшү оңдолот.
Бүгүнкү күнгө карата энергетиктер 22,4 чакырым аба чубалгысын капиталдык оңдоодон өткөрүп, 103,08 чакырым аба чубалгыларында оңдоо иштерин жүргүзүштү. Мындан тышкары, 748 даана изоляторлор жаӊысына алмаштырылып, анкердик мамыларга 200 килограммдан ашык бурч темир ширетилди.
Ошондой эле, электр аба чубалгылары өткөн жолдун боюндагы бак-дарактардын бутактарын кыйуу жумуштары жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күндө 260 бак-дарак кыйылып бүттү.
Мындан тышкары, аба чубалгысынын коргоочу чөлкөмүнүн бузулушун жоюу боюнча керектөөчүлөргө 130 билдирүү тапшырылды.
Белгилей кетсек, аба чубалгыларынын зымдарына жакын өскөн бак-дарактар аба чубалгыларынын үзүлүшүнүн жана электр энергиясы менен камсыздоонун бузулушуна бирден бир себеп болушу мүмкүн.