Таза аба үчүн: Бишкек быйыл жаңы жылдык салюттан баш тартты

Коом Загрузка... 30 Декабрь 2025 14:45
a473056-salyuty-che.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 30.12.25. /Кабар/. Быйыл Кыргызстандын борборунда жаңы жылдык салют атылбайт. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Муниципалитеттин маалыматы боюнча, 31-декабрда саат 18:00дө «Ала-Тоо» борбордук аянтында ата мекендик артисттердин катышуусунда майрамдык концерт болот. Иш-чара фейерверк атуусуз өтөт.

Белгилей кетсек, буга чейин Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги айлана-чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу максатында жаңы жылдык салюттардан баш тартуу чакырыгы менен чыккан.