Бишкек, 29.08.25 /Кабар/. Бул жылы Бишкекте жалпысынан 98 чакырым унаа жолдору жаңыдан салынып, оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт. Бул тууралуу Бишкек мэри Айбек Жунушалиев жолдордун курулуш иштери жана жаңылануулардын жүрүшү тууралуу маалымат берип жатып билдирди.
Анын айтымында, алардын 8,4 чакырымы административдик-аймактык реформанын алкагында жаңы кошулган аймактарга туура келет.
“Саналуу күндөрдөн кийин Бишкек шаарында жаңы окуу жылы башталат. Бул күндөрдө жолдордогу транспорт агымынын көбөйүшүнөн улам тыгындар болушу мүмкүн экендигин баарыбыз эле билип турабыз. Андан качуу мүмкүн эмес. Мындан улам мен эмне себептен жолдорго байланышкан масштабдуу иш-чаралар дал ушул убакытта жүрүп жаткандыгын жана муну менен борбор калаабыз жакынкы араларда кандай өзгөрө тургандыгын түшүндүрүп кетким келет. Бул жарандар үчүн абдан чоң ыңгайсыздыктарды жаратып жаткандыгы талашсыз”-деди ал.
Ошондой эле Жунушалиев Бишкек шаарында салынып жаткан жолдорго токтоло кетти.
“Мисалы, Жибек жолу проспектиси – Курманжан датка көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейин 23 жылдан ашуун убакыттан бери оңдоп-түзөө иштеринен өткөрүлгөн эмес. Медеров көчөсү 2010-жылдан бери, Токтоналиев көчөсү Масалиев проспектисинен Айтматов проспектисине чейинки жол тилкесине буга чейин асфальт төшөлгөн эмес. Ондогон жылдардан бери быйыл биринчи жолу аталган жолдорду жаңылап жатабыз.
Калинин көчөсүнүн Салиева көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгү эки тилкеден төрт тилкеге чейин кеңейтилүүдө. Молодая Гвардия көчөсү менен Толстой көчөсүнүн кесилишкен жерине жаңы айланма жол салынат. Азыркы учурда Толстой-Эгембердиев жана Толстой-Панфилов көчөлөрүнүн кесилиштерине жол өтмөктөрү салынып бүттү. Жибек Жолу проспектисинде, Ауэзов жана Шүкүров көчөлөрүнө үч көпүрө салынууда.
Муну баш-аламан жол курулуштары дегенге болбойт. Себеби, жол, тротуар курулуштары жана инженердик түйүндөрдүн баары - 2030-жылга чейин бекитилген атайын пландын негизинде жүргүзүлүүдө”-деп белгиледи ал.