Быйыл Бишкек менен Чүйгө сорттолгон, байытылган көмүр сатылат

Коом Загрузка... 03 Октябрь 2025 11:01
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 03.10.25. /Кабар/. Быйыл Бишкек менен Чүйгө сорттолгон, байытылган көмүр сатылат. Бул тууралуу “Кыргыз көмүр” ишканасынын директору Кайрат Маматов “Кабар” агенттигине билдирди.

Анын айтымында, кара отундардын сорттолгон түрү кезек болот.

“Мисалга айта турган болсок, Кара-Кеченин майда көмүрү жакшы күйбөйт. Акылдуу мештерде аба үйлөгөндө ыш көп чыгат. Бишкектеги ышты изилдегенде 40 пайызы жеке турак жайларга тийиштүү экени айтылган. Ал эми Бишкек ЖЭБиндеги жаңы технологиялар менен салынган жаңы блоктон таза ыш чыгат. Алдыда сорттоочу комплекстерди дагы кошобуз. Биздин көмүр 200 сомго кымбатырак болсун, бирок майда көмүр эмес, кезек көмүр жүктөп беребиз да. Сорттоочу комплекстерде көмүрдүн майдалары өзүнчө бөлүнөт. Ал Бишкек ЖЭБине жагылат”, - деп белгиледи Маматов.